Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рустанбековдун айтымында, кыргыз-өзбек чек арасынан Кыргызстан жерине өткөн өзбек атуулдарынын саны 541 болчу, алардын төртөө мекенине кайтып кетти. Эгерде качкындар саны көбөйүп кетсе Кыргызстан аларды кабыл алууга даярбы деген суроого Рустанбеков минтип жооп берди:
- 10-20 миңди кабыл алганга кудуретибиз жетет. Кокус качкындар көбөйүп кетсе деп, алдын ала Кызыл жарым ай, Кызыл чырым өңдүү уюмдарга кайрылып, чатырча, гигиеналык, медициналык буюмдар менен камсыздоодо жардам сурап жатабыз.
Ал эми өзбек атуулдарына качкын статусун берүүнү өкмөт чечүүгө тийиш. Бирок биздин маалымат боюнча Өзбекстанда абал турукташууда, ошондуктан алардын айрымдары мекенине кайтууда, деди Рустанбеков.
Парламентте өзбек качкындарынын абалы боюнча маселени депутат Алишер Сабиров көтөрдү:
- Коңшу өлкөдө кандай окуялар болгону белгилүү. Биздин Ош, Жалалабад облустарында татаал кырдаал сакталууда. Качындарды кабыл алуу, террорчуларды киргизбөө боюнча өкмөт кандай чараларды көрүүдө. Буларды биз билүүбүз керек.
Өзбек президенти Ислам Каримовдун Анжияндагы куралдуу адамдардын айрымдары Кыргызстандан келди деген сөзүнө кошула албасын депутат Даврон Сабиров мындай билдирди:
- Мен ага кошула албаймын. Муну айыптоо дейбизби, башкача айтабызбы, мен ага кошула албаймын. Кыргызстандын Өзбекстандагы окуяларга эч кандай тиешеси жок. Ал жердеги окуялар Өзбекстандагы саясий, социалдык абалдын күндөн-күнгө начарлашынан келип чыкты.
Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев өзбек качкындарын кабыл алуу керек, бирок аларга демографиялык коопсуздук маселесине байланыштуу кыргыз атуулдугун бербеш керек деген пикирин билдирди:
- Фергана өрөөнүндө 12 миллиондон ашыгыраак өзбектер жашайт. Ошолордун ичинен миллион өзбекти Кыргызстандын чек арасына сыгып чыгарып коюш алар үчүн кыйын иш эмес. Андай болсо түштүк Кыргызстан жалпы Кыргызстандын колунан чыгып калат. Ага жол бербеш үчүн керек болсо мыйзам долбоорун алып чыгамын.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча тийиштүү органдардын Жогорку Кеңешке маалымат берүүсү белгиленди. Ага ылайык өкмөттүк структуралар 17-майда Жогорку Кеңешке маалымат бермекчи.