Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Грузия орус базаларын жабууну тездетиши мүмкүн


Грузин парламентинин төрайымы Нино Буржанадзе Орусия менен сүйлөшүүдөн оң жыйынтык болбосо, парламент өкмөткө тийешелүү чара көрүүгө буйрук бериши мүмкүн деп билдирди. Грузин депутаттары базаларды Орусия сунуш эткенден үч жыл мурда, 2006-жылы жабуу үчүн өкмөттү Маскөөгө кысым көрсөтүүгө чакырган резолюцияны бир добуштан кабыл алган.

Парламентте коргонуу жана улуттук коопсуздук комитетин жетектеген Гиви Таргамадзенин сөзү боюнча, тышкы иштер министри орус аскерлерине виза берүүнү токтотуп, финансы жана айлана-чөйрөнү коргоо министрликтерине орус базалары келтирген залакалар боюнча дооматтарын даярдоого көрсөтмө берилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG