Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Москвада Орусия-Евробиримдик саммити болуп өттү


Орусиянын президенти В.Путин анда кол коюлган Европа Биримдиги менен кызматташтыкты кыйла кеңейтүү жөнүндөгү келишимди жогору баалап, документти Европадагы ажырымды биротоло жок кыла алчу кадам деп сыпаттады. Ал ошондой эле «Жол картасы» деп аталган төрт макулдашуу бир катар тармактардагы байланыштарды бекемдеп, соода-сатыкты кеңейтип, террорчулукка каршы күрөштү күчтөндүрөөрүн белгиледи. Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Баррозо Орусиялыктар үчүн Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн виза тартибин жеңилдетүү, Европадагы орусиялык мыйзамсыз мигранттарды мекенине кайтаруу маселелери дагы талкууланаарын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG