Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:00

Президент Путин дүйнөнү согуш сабактарын унутпоого чакырды


Европадагы Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн 60 жылдыгына арналып Москвада кечээ 9-май күнү өткөн аскерий парадга 50дөн ашуун өлкөнүн башчылары жана миңдеген согуш ардагерлери катышты. Россиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянттагы салтанатта сүйлөдү:

- Мамлекеттер жана элдер өлүм алып келчү жаңы доктриналардын пайда болушун, жаңы коркунучтун жаралышын көз жаздымында калтырбаш үчүн колдон келгендин баарын жасашы абзел. Согуштун сабактары зобун-зордукка көмөктөшүү, ага көңүл бурбоо жана көрө жатарбыз деп күтө туруу дүйнөлүк масштабдагы коркунучтуу кыйраканга алып бараарын эскертет.

Кечээ күнү Британияда чыкчу “Financial Times” гезитине жарыяланган ачык катта жеңиш мааракеси үчүн Москванын тандалып алынганы сындалып, Россияда демократиянын негиздери бузулуп жатканына тынчсыздануу айтылды.

XS
SM
MD
LG