Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылган. Соңку он айдан бери токтоп калган алты тараптуу сүйлөшүүлөргө АКШ, Түндүк Кореядан сырткары Түштүк Корея, Кытай, Орусия, Жапония тартылган эле. Кытайдын мамлекеттик "Синьхуа" жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, Кытай жана Түштүк Корея президенттери Ху Цзиньтао менен Но Му Хен Пхеньяндын өзөктүк программасына байланышкан чатакты тынч жол менен жөнгө салуу аракетин жандандыруу маселесин Москвадагы жолугушуусуна талкуулашты. Мурдараак Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттикттин башчысы Мохамед эл- Барадейи Си Эн Эн телеканалына берген интервьюсунда Түндүк Кореяда эксперттердин эсеби боюнча алтыга чейин өзөктүк бомба даярдоого жетээрлик плутоний бар экенин билдирген. Соңку кездери Пхеньян өзөктүк куралын сынашы мүмкүн деген да маалыматтар тараган болчу.