БИШКЕК. Жарандык коом президенттик шайлоо менен бирге референдум өткөрүү демилгесин көтөрүүдө. Муну 10-майда жарандык коомдун өкүлдөрү талкуулап, кийинки күнү жумушчу топко, 12-майда Конституциялык кеңешмеге сунушташат. Бул тууралуу «Интербилим» бейөкмөт уюмунун башчысы, Конституциялык кеңешменин төрага орун басары Асия Сасыкбаева дүйшөмбүдө билдирди. Анын айтымында, мындай демилге жарандык коом бийликтин мурдагы катачылыктарды кайталоосуна жол бербөө максатында көтөрүлүүдө. Эгер ал колдоо тапса, референдумга өтө зарыл маселелер киргизилет. Алардын катарына бийлик бутактарынын тең салмактуулугу, соттордун көз карандысыздыгы, парламентке пропорционалдык-можаритардык тартипте 105 депутатты шайлоо, президентти алгачкы 15-20 жыл аралыгында бир ирет гана 5 жылга шайлоо өңдүү сунуштар бар.