БИШКЕК. Күн мурунтадан белгиленгендей, Талас облусундагы №55-Бакайата шайлоо округундагы он беш шайлоо участогунда кайталап добуш берүү 1-майда өткөрүлгөн жок. Ага депутаттыкка талапкерлер Жусуп Иманалиев менен Равшан Жээнбековдун жактоочуларынын ортосундагы карма-каршылыктын күчөп кеткендиги себеп болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, мындан эки үч күн илгери Талас облус борборунда Жусуп Иманалиевге тиешелүү «Волга» автоунаасы өрттөлүп, шайлоого делинген бүлетендер уурдалып кеткен.