БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов кызматынан четтетилген президент Аскар Акаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, учурдагы кырдаал жана Кыргызстандын келечеги тууралуу пикир алмашты. Бул тууралуу Феликс Кулов 25-апрелде Бишкекте өткөн маалымат жыйында журналисттерге билдирди:
-Мен Аскар Акаевич менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Биз мени сот актагандан кийин сүйлөштүк. Ал мени акталышым менен куттуктады. Мен аны менен жылуу сүйлөштүм.
Ошондой эле Кулов «президенттик шайлоодо Аскар Акаев жана анын командасы Феликс Куловду колдоо максатында эки тараптуу макулдашуу болгон» деген кепти жалган деп жокко чыгарды.