Саломе Зурабишвили менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сүйлөшүүлөрү дүйшөмбү күнгө белгиленген. Анда Орусиянын Грузия аймагындагы аскерий базаларын чыгаруунун мөөнөтү, шарттары жана эки өлкөнүн ортосундагы антитеррордук борборду түзүүнүн жол-жобосу талкууланмакчы.