Негропонте бардык атайын кызматтардын, анын ичинде ЦРУнун ишине да координаторлук кылат. 2001-жылдын 11-сентябрындагы иштерди териштирген көз карандысыз комиссиянын сунушу менен конгресс ушундай кызмат түзүүнү чечкен эле. Негропонте мурда АКШнын ООНдогу өкүлү жана Ирактагы элчиси болгон. Жаңы кызматка аны президент Жорж Буш көрсөткөн.