Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Т. Тургуналиев сот тарабынан акталышын талап кылууда


БИШКЕК. «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев өлкөнүн Башкы прокуратурасына 1996-2000-жылдардын аралыгында ага каршы козголгон кылмыш иштери боюнча сот чечимдерин жокко чыгарып, аны актоо өтүнүчүн жолдоду. 1996-жылы Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин менин аброюма шек келтирди деген арызынын негизинде, 1997-жылы Бишкек гуманитардык университетинин бюджетинен 10 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү каражатты өз кызыкчылыгында пайдаланган деген айып менен, ал эми 2000-жылы Аскар Акаевге кол салууну уюштурган деген киненин негизинде Тургуналивге каршы кылмыш иштери козголуп, узак мөөнөткө эркинен ажыратуу жөнүндөгү сот чечимдери чыгарылган. Жалпысынан Топчубек Тургуналиев бул кылмыш иштер боюнча 4 жылга жакын абакта отуруп чыкты. Топчубек Тургуналиевдин айтымында, ага каршы кылмыш иштер негизсиз, саясий себептер менен ачылгандыктан, алардын баары жокко чыгарылууга тийиш. Тургуналиев Эл аралык мунапыс уюму тарабынан үч жолу саясий туткун деп аталган.

XS
SM
MD
LG