РИМ. Италиянын өкмөт башчысы Сильвио Берлускони менен коалицияга кирген Христиан Демократиялык союз өкмөттөн чыгып кете турганын билдирди. Министрлик кызматты борборчул-оңчул партиянын төрт өкүлү ээлешет. Вице-премьер Марко Фолини мындай чечим партия жергиликтүү шайлоодо жеңилип калгандыгына байланыштуу кабыл алынганын билдирди. Бирок партиянын өкүлү Россо Бутиглионе партия өкмөттү парламентте мындан ары да колдой турганын айтып, Берлусконинин өкмөтү бул кризистен аман чыгаарына ишара кылды.