Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Б.Акаеванын депутат болушуна каршылар арбын


БИШКЕК. «Экс-президенттин тун кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Бермет Акаеванын коопсуздугун камсыз кылууга өкмөт милдеттүү, ал ошон үчүн өкмөт»,-деп 14-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Олег Журавлев билдирди. Ал эми «Интербилим» борбору баштаган бир катар бейөкмөт уюмдар 15-апрелде эртең мененки саат 9дан баштап, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Бермет Акаеванын парламентте отурушуна каршылык билдирген пикетке чыгышаарын жарыя кылышты. Бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы билдирүү таратып, анда Бермет Акаева өлкөдөгү кырдаалды курчутуу үчүн келди деп билдирди. Андан тышкары Бермет Акаева атасынын мамлекеттик иштерине түздөн түз кийлигишип, бийликти элден алыстаткандыгын белгиледи. Ал эми президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Бермет Акаеванын келишине өкмөт эч кандай тоскоолдук кылбастыгын жана экс-президенттин үй-бүлөсүнүн мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө байланышкан күнөөсү болсо аны сот териштирээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG