Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом бүгүн Каир шаарында Мисирдин президенти Хосни Мубарак менен жолугуп, Палестина маселесин талкуулады. Анын айтымында, жаңжалды жөнгө салуу иштерине экстремисттер катышпаш керек. Кечээ күнү АКШда президент Жорж Буш Израилдин премьер-министри Ариел Шаронду кабыл алып, Йерусалим шаарынын алдындагы араб жерлеринде жаңы жөөт айылын куруу планын сынга алган.