Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Баткен облусунун жетекчилиги Сох районунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев баштаган топ Сох районунун акими Хакимжан Сайфидинов жана аталган райондогу чек ара бөлүгүнүн жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда негизинен өзбек тарап чек ара бекеттеринде күчөтүлгөн тартип киргизилиши менен, Сох анклавынан кыргыз атуулдарынын ары-бери каттоосу кыйындап кеткени, Кыргызстанга тиешелүү автоунааларды узакка кармоолор, ар кандай шылтоолор менен өзбек чек арачыларынын акча талап кылуусу элдин нааразычылыгын туудуруп жатканы айтылды. Мындан сырткары кыргыз-өзбек чек арасына күчөтүлгөн тартипти киргизүүгө эч кандай негиз жоктугу белгиленип, Баткендин Таян айылынын кире беришине коюлган мобилдик постту тез арада алып салуу жана чек ара бекеттериндеги күчөтүлгөн тартипти кадимки калыбына келтирүү талабы коюлду. Өзбек тарап мындай жүйөлөрдү угушкан соң 7-апрелден тарта чек ара бекеттериндеги күчөтүлгөн тартип алынарын билдиришти. Бул тууралуу маалымат облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн шаршемби күнү алынды.

XS
SM
MD
LG