- Курманбек мырза, Аскар Акаев “Азаттык” радиосуна 1-апрелде түз эфир аркылуу чыгып, 24-мартта болуп өткөн окуяга баа берип, бул кандайдыр бир он миңге жетпеген мас, наркоман адамдар келип эле Акүйдү ээлеп алды, бул мамлекеттик төңкөрүш, путч болду деген пикирин айтты. Бийликтен четтетилген президенттин бул пикирине сиз кандай караар элеңиз?
- Тилекке каршы биздин биринчи президентибиздин мындай деп сүйлөгөн сөзүн мен укпай калыптырмын. Бирок мен андай ойго кошула албайм. Себеби алардын арасында мен да болчумун. Биринчиден, бул путч эмес, бул элдик революция болду десем жаңылышпайм. Ошол митингге мен өзүм башынан аягына чейин катыштым. Анын ичинде жаштар да, орто жаш да, аксакалдар да болгон. Арасында наркоман эмес, кызуу киши жок эле. Митингде сүйлөгөндөр Борбордук аянтка келип болуп өткөн шайлоо боюнча болгон нааразычылыктарын айтышты, арасында мен да болчумун. Президент Конституциянын гаранты катары шайлоону калыс мыйзам чегинде өткөрө албады, оставкага кетиш керек деп ачык-айкын талаптарды айттык. Акүйдү басып алабыз деген ой да болгон эмес. Акүйдү басып алат деп бийликтин башында тургандар да биздин күч структуралар да билчү эмес, аларда да андай маалымат жок болчу. Эгерде ошондой маалымат болгондо, Акүйгө аскер алып келип, ИИМдин кызматкерлерин бүт алып келип коргосо болот эле. Акүйдү, дүкөндөрдү талкалап тоноолорду уюштургандар бийликте тургандар өзүлөрү. Себеби арасында кандай спортсмендер жүргөнүн мен ошол түнү, эртеси да көргөм. Биз коллонада келатканда бизди тоскон спортсмендерди да көргөм. Атайы бизге каршы даярдалган күчтөр бар болчу. Ошол мушташты уюштургандар да өздөрүнүн ичинен чыккан. Ал мушташты биздин демонстранттар жасаган жок, ошолор уюштурду. Алар атайы мода кылып албады беле антимитинг деп. Мына ошонун жыйынтыгы. Менин буйругум боюнча 24-мартта болгон окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп атат. Эмне себептен мушташ болду, ким уюштурду? Ошол мушташты уюштургандардын башчылары ким? Булардын баарын тактап туруп, укук коргоо органдары өзүнүн жыйынтыгын чыгарат. Көчөлөргө чыгып дүкөндөрдү талкалаган башка жактан келген балдар эмес. Айылдан келген балдар эч бир тополоң кылып, мушташып талкалаган жок. Ушул шаардын ичинде митингге каршы даярдалгандар талкалады мунун бардыгын. Ошондуктан бардыгын митингге катышкандарга оодара берген туура эмес. Мен буга таптакыр кошула албайм.
- Курманбек мырза, азыр коомчулукта ушундай пикир болуп атат, Аскар Акаев кеткени менен жаңы келген бийлик мурдагы Аскар Акаевдин учурунда иштеген кадрларды эле коюп атат. Жаңыланууну сезбей атабыз деп. Ушул багытта кандай иштер жүрүшү мүмкүн?
- Чынын айтканда ошол күндөрү мен өтө оор абалда болдум. Президентибиз качып кетти, өкмөт башчысы отставкага кетти, бир министр өз ордунда жок, Акүй талкаланган, мурунку кош палаталуу парламент мени Премьер-министр кылып шайлап коюшту. Мен Премьер-министр болуп шайландым, тегерегимде же күч министрлиги, же МВДсы, же өкмөтү жок жалгыз калдым. Мен Кыргызстан элдик кыймылынын мүчөлөрү менен бир-эки депутаттар менен элди тынчтандырып, ары-бери чуркап, митингдерге барып тигини-муну талкалабагыла, койгула деп чапкылап калдык. Ошол мезгилде кадрларды дайындаш керек болчу. Чынын айтканда анча-мынча элдин катмарына жакпаган дайындоолор болуп калгандыр, аны мен билем. Бирок бул убактылуу нерсе. Кудайга шүгүр мен иштеп калдым, кадрларды жакшы эле билем. Буларды акырын өз жолу менен, тийиштүү жерлерге өз деңгээли туура келген кадрларды дайындайбыз. Азыркы дайындоолорду азырынча убактылуу милдетин аткаруучу деп коюп атабыз. Себеби мен тез аранын ичинде өкмөттүн курамын түзүшүм керек болуп атат. Кээ бир жерлерде акимдер, губернаторлор шайланды. Буларды да бир сыйра карап чыгыш керек. Кээ бир жерлерде билими, тажрыйбасы жок эле кишилер барып өздөрү эле отуруп алышты. Андай фактылар да бар. Ошондуктан эртеңден баштап администрациядан менин буйругум менен эки чоң комиссия түзүлүп, Кыргызстандын бүт региондоруна чыгышат, ар бир областта, райондордо болуп, элдин ой-пикирин угуп, эл шайлаган, көрсөткөн жаңы жетекчилер менен жолугуп, макулдашып, барын өз ордуна коебуз буюрса. Бирок тилекке каршы кээ бир жерде биздин азаматтарыбыз, кээ бир депутаттар ушунчалык катуу кеткен, укук коргоо органдарына кадрлар боюнча киришип кетишти. Коопсуздук комитетинин жетекчилигин дайындап коюшуптур. Бул туура эмес. Мыйзамды сыйлашыбыз керек. Качып кеткен акимдерди, губернаторлорду шайлады туура кылды. Элдин оюн, пикирин сөзсүз эң негизги багыт катарында көрөм, мен өкмөт башчы катары. Ошондуктан бул жерде мен ойлойм, азыр деле эл менен макулдашып, жетекчилердин беките турганын бекитип, ал эми анча-мынча туура эмес болуп калган болсо ал маселени да карап чыгышыбыз керек.
- Курманбек мырза, сиз депутаттар жөнүндө айтып калдыңыз. Жаңы парламент менен жаңы Президенттин милдетин аткаруучунун ортосунда кандайдыр бир карама-каршылыктар бар деп атат. Анын үстүнө алар жаңы мыйзамды сунуш кылып атат. Өкмөт башчы болгон адам президенттик шайлоого өз кызматын таштап туруп барыш керек деп. Ушундай мыйзамга кандай карайсыз?
- Биринчиден, булар чыгарган демилге Конституцияга туура келбейт. Биздин бүгүнкү иштеп жаткан Конституциябыз боюнча Премьер-министр болобу,Ппрезидент болобу, же жаңы эле дайындалган Премьер-министр же Президенттин милдетин аткарып аткан жетекчи болобу, аларды президенттик шайлоого катыша албайт деген Конституцияда статья жок. Ошондуктан бул туура эмес. Экинчиси, мени менен жаңы шайланган парламенттин ортосунда анча-мынча эмес, бир топ эле маселелер болушу мүмкүн. Анткени бул шайлоонун азабы өзүмдүн башымдан өттү. Мага кандай күчтөр колдонду, мага каршы канча каражат сарпталган мен анын баарын билем. Элдин көтөрүлгөнүнүн башкы себеби да ошол шайлоодогу бийликтин зордук-зомбулугуна каршы болуп жатпайбы. Ошондуктан чынын айтканда азыркы шайланган парламент мүчөлөрүнүн арасында менин көз карашым менен аларадын көз карашы кайчылаш келген депутаттар да бар. Бирок ошол эле мезгилде азыркы жаңы шайланган парламенттин арасында менин позициям менен алардын позициясы туура келген да депутаттар бар. Бул жерде берилген суроону пайдаланып, жалпы биздин мурунку кош палатанын депутаттарына дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдиргим келип турат. Жаңы парламент, эски парламент деп тирелип турганда, эл толкуп турганда, жаңы парламент өзүнүн ишин баштап, тигилер полномочиесин токтотуп тарап кетишпедиби. Абдан акылдуулук кылышты. Ошол эски парламенттин депутаттары чынын айтканда элди ойлоп, мамлекетте тынчтык болсун, бөлүнүп-жарылбай стабилдүүлүктү сактап калалы деген максат менен өзүнүн жумушун токтотушту. Муну Кыргызстандын эли бардыгы билиш керек. Ал эми жаңы шайланган парламенттин мүчөлөрүнө мен айткамын, дагы бир жолу кайталайын, 20-25 округдар боюнча талаш-тартыш маселелер бар, муну кайрадан караш керек. Ошондуктан биздин сот, борбордук шайлоо комиссиясы талаш-тартыш участкаларды кайрадан карап атат. Мен экөөнө тең кайрылып айткамын, мыйзамдын чегинде ошол маселелерди чечип бергиле деп.
- Курманбек мырза, дагы бир суроо, бүгүн эле Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова өзү бир демилге менен чыкты, Конституцияны түп-тамырынан бери кайра жаңыртыш керек, Конституцияны өзгөртүү, жаңылоо үчүн атайын кеңеш түзүш керек, 1993-жылдагы Конституцияны кайра калыбына келтирүү керек деген бир идея менен чыкты. Ушундай демилгеге кандай карайсыз?
- Мен ойлойм, азыр Конституцияны өзгөртүү бул өтө олуттуу, өзүнчө чоң саясий компания болот. Буларды азырынча коё туруп, Президенттик шайлоону үч айлык мөөнөттүн ичинде, бул өтө кыска мөөнөт, жакшы даярданып, тынч, мыйзам чегинде, дүйнөлүк коомчулуктун астында уят болбой, туура эмес жолдорго барбай жакшы өткөрүп алсак. Жалпы Кыргызстан эли президент шайлангандан кийин жаңы өкмөттүн курамын түзүп, өкмөттүн структурасын да өзгөртүш керек. Азыр мен ачык айттым өкмөттүн структурасын шайлоо өткөнгө чейин өзгөртпөйбүз, ошол эле структура калып өкмөттүн мүчөлөрүн өзгөртүп туруп, убактылуу өкмөт менен шайлоого даярданып, шайлоону өткөрүш керек. Президенттик шайлоо бүткөндөн кийин жаңы мамлекет башчысы өз ишин баштагандан кийин Конституцияны да караш керек, өзгөртө турган статьялары бар. Бирок бизде бир саясат болуш керек. Конституцияны ар жылы, же беш жылда өзгөртө берген туура эмес. Өзгөртө турган статьялар болсо караш керек, бирок эл менен да макулдашыш керек. Азыр негизги максат, өкмөт башчысы катары жазгы талаачылык иштерин кыска мөөнөттө жакшы өткөрүп алсак дейм. Ошол эле мезгилде эмгек акы, пенсия, пособиелерди өз убагында берип, андан кийин жыл ичинде жакшы иштеп республиканын киреше бөлүгүн көбөйтүп, мугалимдердин, врачтардын, укук коргоо тармагында иштегендердин эмгек акысын көбөйтө турган максат коюп атам өзүмдүн алдыма. Себеби айлык акы өтө төмөн. Ушул жагында иштеп атам. Ал эми Конституцияны кайра-кайра эле карап өзгөртө бергендин көп деле кажети жок.
- Ырахмат маегиңиз үчүн.