Синхуа агенттиги таркаткан кабарда француз президенти Жак Ширак Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Евросоюздун аталган эмбаргону жокко чыгаруу планына кайрадан колдоо билдиргени айтылат. 1989-жылы ырасмий Пекин студенттердин демонстрациясын аскер күчү менен кууп таркаткандан кийин Евросоюз Кытайга курал-жарак сатканга тыюу салган эле. Еврошаркет эми бу эмбаргону быйыл жыл этегине чейин алып салууну көздөп жатат. Буга Британия жана АКШ каршы чыгууда.