Дүйнөлүк банктын жаңы президенти болуп, АКШнын Коргоо министринин мурдагы орун басары Пол Вулфовиц дайындалды. Вулфовицтин талапкердигин АКШ президенти Жорж Буш сунуштаган эле, аны банктын башкармалыгы жактырды. Пол Вулфовиц – Ирак согушунун башында тургандардын бири. Анын бул маанилүү кызматка көрсөтүлүшүн европалык айрым лидерлер жактырышкан эмес.