Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

АСКАР АКАЕВДИН АРЫЗЫ ЖОК, БИРОК ШАЙЛОО БЕЛГИЛЕНДИ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 26- июнга президенттик шайлоо белгиледи. Бирок азырынча Аскар Акаевдин полномочиелерин тапшыргандыгы жөнүндө өз арызы жок. Көпчүлүк байкоочулар президенттик шайлоо шашылыш белгиленгени өлкөнү ого бетер башаламандыкка алып келет десе, айрымдары Аскар Акаев эл аралык сотко кайрылганга укуктуу деп жатышат.

Эл өкүлдөр жыйыны ишембиде президенттик шайлоонун качан болоорун аныктады. Бирок жаңы шайланган парламенттин тагдыры белгисиз бойдон калып, эски парламент 26- июнга чейин иштемек болду.
Айрым байкоочулар Эл өкүлдөр жыйыны шашмалык кылды деп жатышат. Бул кырдаалда бүгүнкү күндө каякта экени белгисиз кызматтан четтетилген Аскар Акаевдин арызы жоктугу бир топ суроолорду пайда кылып жатат.
Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Байкожоев билдиргенге караганда, Эл өкүлдөр жыйыны үч айдан кийинки мөөнөткө шайлоону белгилеп берүү менен Конституцияда айтылган норманы аткарып берди. Бирок айрым байкоочулар бул чечим өлкөдөгү кырдаалды ого бетер курчутаарын айтып жатышат.
Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов парламенттер ортосунда тирешүүгө чекит койула электе бул өтө шашылыш чечим болду деп санайт. Анын пикиринде, кызматтан четтетилгени менен Аскар Акаевдин отставкасы юридикалык жактан негизделе элек:
- Президент отставкасы жөнүндө арыз жазбаса, анда соттон чечим чыгышы керек болчу. Азыр парламенттер ортосунда тирешүү күчтүү болуп турат. Ушул маанай менен президенттик шайлоого барсак, анда кырдаал курчуп, кызылкыргын согуш болот. Эл өкүлдөр жыйыны шашып койду.
Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу президенттик шайлоодон мурда парламенттердин тагдарын аныктап алыш керек болчу деген ойдо. Акыйкатчынын пикиринде, Аскар Акаевдин өз аразы жок болгон күндө юридикалык башка ыкмалар аркылуу анын бийликтен четтетилгенин бекемдеп алыш керек болчу дейт:
- Эмне үчүн мөөнөтү бүткөн парламент мындай чечим кабыл алат деген талаш пайда болушу ыктымал. Андыктан парламенттин бул чечимин жаңы келген парламент дагы бекемдеши керек. Антпесе, бул мыйзамдуу эмес, саясий чечим болуп калат.
Кыргызстандын Акыйкатчысы Аскар Акаев керек болсо эл аралык сотко кайрылышын да күтсө болот деген пикирде
- Аскар Акаев мен азырынча тактымды тапшыра элекмин деп чыгышы мүмкүн. Мындай кырдаалга да даяр болушубуз керек. Ошондуктан Конституциялык сот менен парламент анын бийлигин жокко чыгарган чечим зарыл болчу.
Бирок, Кыргызстанда бүгүнкү күндө президенттик шайлоонун мөөнөтү аныкталганы Конституцияга ылайык мыйзамдуу көрүнүш жана өлкөнү стабилдүүлүккө алып келет деген пикирлер арбын. Кыргызстан элдик кыймылынын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев эл өзү Аскар Акаевдин бийлигин ураткандан кийин эл эчтекени күтпөстөн жаңы президентти шайлап алганга укуктуу дейт:
- Эл өзү төңкөрүш жасады, андыктан бүткүл элдик шайлоо менен өзү каалаган президентин шайлап алышы керек. Шайлоо белгиленгени мыйзамды бузбайт. Аскар Акаев элин таштап качып кетсе, каякта экени белгисиз болуп жашынып жатса, аны күтүштүн кандай кажети бар?

XS
SM
MD
LG