Шийит өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, Ирактын азыркы президенти суннит Гази ал-Явер парламент спикери болот, күрд лидерлеринин бири Жалал Талабани президенттик кызматты ээлейт. Ал эми күрддөр өз кезегинде шийиттердин талапкери Ибрагим Жафаринин премьер- министрдин кызматына бекитилишин колдойт. Ирактын улуттук ассамблеясы өлкө жетекчилерин бекитүүчү жыйынына ушул апта ичи чогулары күтүлүүдө.