Саммитте региондогу абалды жөнгө салуу маселеси каралууда. Уюмдун баш катчысы Амр Муса жыйындагы сөзүндө Израил арап өлкөлөрү менен мамилесин жакшыртуу үчүн оккупацияланган аймактардан аскерлерин чыгарып кетиши керек деп белгиледи. Милдеттенмеге - милдеттенме деген шартта гана теңбарабар алака курганга болот. Алжирдеги жыйынга бир айрым лидерлер – иордан падышасы,сауд араптарынын мураскер ханзаадасы жана Ливандын президенти катышкан жок.