Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:04

Жалалабатта митинг уланды


БИШКЕК. Жалалабат шаарында кырдаал бир калыпта. Аймактагы кабарчыбыздын маалыматына караганда, облустук мамлекеттик администрация имаратынын алдына 21-мартта 40-50 миң чамалаш эл чогулуп, кайрадан нааразылык акциясын өткөрүштү. Митингде элдик биримдик кеңешинин мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов жана Баяман Эркинбаев сөз сүйлөшүп, бийлик элдин карамагына өткөндүгүн жарыялашты. Митингдин учурунда ички иштер министрлигинин облустук бөлүмүнүн айрым кызматкерлери эл тарабына өткөндүгүн жарыя кылышты. Митинг учурунда нааразы тарап талаптар аткарылмайынча тарабай тургандыгын маалымдашты. Президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылган эл 20-мартта облустук мамлекеттик администрациянын имаратын ээлеп алган. Анын мурунку түнү ички иштер кызматынын өзгөчө багыттагы кызматкерлери 4-марттан бери облустук бийликтин имаратын ээлеп турган элди имараттан сүрүп чыгарган болчу.

XS
SM
MD
LG