Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Улуттар Уюму сүйлөшүүгө шарт түзүп берүүгө даяр


БИШКЕК. 21-мартта Бириккен Улуттар Уюму парламенттик шайлоого
байланыштуу Кыргызстан аймагында түзүлгөн кырдаалга кабатырлануусун билдирди. Анда БУУ кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн бардык тараптарды токтоолукка жана маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө, адам укугун коргоо принциптерин сыйлоого, күч колдонбоого, элдин өмүрүнө коркунуч келтирбөөгө чакырды. Ошондой эле Улуттар Уюму чыр-чатакты эпке келтирүүнүн жалгыз жолу саясий диалог экенин белгилеп, уюм кандай гана сүйлөшүүлөр болсо да шарт түзүп берүүгө даяр экенин жана бул өңүттө тараткан ЕККУнун билдирүүсүн жактай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG