30-январда өткөн шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Ирак парламентиндеги 275 орундун 51 проценти шийит арабдардын Бириккен Ирак альянсына, 27 проценти күрттөрдүн блогуна тиет. Бирок эки жак парламенттик көпчүлүк бекитчү коалициялык өкмөттүн курамы боюнча алты жумадан бери мунасага келе албай жатат. Ага карабай, тараптар Улуттук ассамблеянын жүзачар сессиясын шаршемби күнү өткөрүүнү макул көрүштү.
Жыйында оболу парламенттин төрагасы жана орун басарлары шайланат. Өз ара келишимге жараша- Күртистан патриоттук союзунун төрагасы Жалал Талабани президент, шийитердин “Ислам Дава” партиясынын башчысы Ибрагим Жафари премьер-министр болот. Лондондук эксперт Камран Карадагинин боолгошунча:
- Эртең, 16-мартта сессия ачылат. Бул өкмөттүн курамы боюнча келишим түзүлөт дегенди билдирбейт. Максат парламенттин ишин баштап, төраганы жана орун басарларды шайлоо. Ал эми өкмөт боюнча сүйлөшүү улана берет.
Камран Карадаги – Лондондогу Согуш жана тынчтыкты изилдөө институтунун Ирак боюнча аналитиги.
Шийит-араб жана күрт саясатчылары түндүктөгү мунайга бай Киркук шаарынын статусун да такташа элек. Анын себеби тууралуу Лондон экономикалык университетинин изилдөөчүсү Яхья Сейид:
- Кээ бир күрт саясатчылар Киркук Күртстан регионунун кошулат деп кепилдик алууга аракеттенишүүдө. Күрт качкындарына конуш берүү маселеси да чечиле элек. Күрттөр өкмөткө киргенден мурда ушундай кепилдик берүүнү талап кылышууда.
Киркук шаары Ирактын мурдакы өкүмдары Саддамдын тушунда арапташтырылган. Мунайга мол калаада арабдарга катар жергиликтүү түрктөр жана күрттөр жашайт. Арабдар Киркукту Ирактын ажырагыс бөлүгү деп санашат.
Талдоочулардын айтымында, Киркук талашы, чын-чынына келгенде, мунай кени үчүн күрөш. Шийит биримдиги Киркуктун статусу парламент жыл соңунда Ирактын жаңы конституциясын бекиткенден кийин чечилсин деген пикирде.
Башы ачылбаган дагы бир маселе - күрт аскерлеринин келечек статусу. Араптар күрт пешмергелери куралсыздандырып, Ирак армиясынын курамына кошууну сунуш кылганы маалым. Келген кабарларга караганда, пешмергелер күрт аймактарындагы улуттук армияга баш ийдирилет көрүнөт.
Исламдын коомдогу орду боюнча да күчтүү талаш жүрүүдө. Күрт партиялары, Камран Карадагинин айтымында, Биргелешкен Ирак альянсы шийит окуусун мамлекеттик дин катары таңууланышы мүмкүн деп коркушат:
-Күрт саясатчылары шийиттердин Ирак альянсы конституцияда Ислам мыйзамдын негизги булагы деп жазылбасына ачык кепилдик берүүсүн каалайт.
Ирактык күрттөрдүн көбү суннилер.