«МСН» гезитине жарыяланган Жеңишбек Назаралиевдин эки катынан кийин коомчулукта түрдүү пикирлер айтыла баштады. «Жеңишбек Назаралиевге бийлик тарабынан катуу кысым башталып, иштөөгө мүмкүндүк бербей, шаар сыртында жүрүптүр» дешсе, айрымдары «Азамат экен, Жеңишбек! Биз сени колдойбуз» деп чыгышты. Жеңишбек Назаралиевдин айткандары чындык экенин, мындай адисти чет өлкөдө жогору баалашарын СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев айтып, мындай деди:
- Биринчиден ал дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты адис, экинчиден абдан кыйын уюштуруучу. Аны чет өлкөлөрдөн бери издеп келип, дарыланып кетишүүдө. Чындыкты тайманбай бетке айтып, бийликтин кыжырына тийди. Кыргыз жери биздин туулуп, өскөн жер. Биз эч жакка кетпейбиз. Акырына чейин күрөшөбүз.
Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын бир катар депутаттары дагы Жеңишбек Назаралиевдин атуулдук позициясын колдоп, атайын кайрылуу менен чыгышты. Алардын бири мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев өз пикирин мындайча билдирди:
- Элди бийлик өкүлдөрү 14-15 жылдан бери, мына жыргатабыз деп алдап келатат. Өлкөнүн атуулдарынын жашоосу абдан жакырланып, экономикабыз өтө төмөндөп кетти. Бийликтин эки жүздүүлүгүн ачык айтканы үчүн Жеңишбек Назаралиевди колдойбуз. Керек болсо, аны коргоо коомун түзөбүз. Жогорку кеңештин депутаттары кол коюп, аны колдоого алууну чечтик.
Жеңишбек Назаралиевдин ишмердүүлүгүнө бийлик эч качан бут тоспогонун, анын эл аралык деңгээлде таанылуусуна шарт түзгөнүн, учурдан пайдаланып, өзүн рекламалап, Аскар Акаев менен Чыңгыз Айтматовго негизсиз асылып жатканын жана аны эч ким куугунтукка албаганын бийлик өкүлдөр айтып, бирок. өз пикирин ачык айтуудан баш тартышты.
Учурдагы кырдаалга жараша Жеңишбек Назаралиев менен телефон аркылуу гана байланышууга туура келди. Гезиттерге кайрылуулары жарык көргөндөн баштап, бийликтегилер аны аңдууга алып, текшерүүлөр, коркутуулар башталганын айтып мындай деди:
- Кайрылуу жарык көргөндөн баштап, мени, досторумду, үйбүлөөмдү аңдуулар башталды. Текшерүүлөр күч алды. Эки досумду кармап, коркутуп, уруп- согуп, «Жеңишбектин артында кимдер турат» дешеп, суракка алышыптыр. Аялымдын машинасын токтотуп, 4 киши чыгып, күбөлүктөрүн көрсөтүп, машинасын текшере баштаганда, аялым арткы эшиктен чыга калып, башка таксиге түшүп качып кетиптир. Менин үй бүлөөмө Акаевдин желдеттери тийсе, анда мен дагы чара көрөм. Кызыма тийсе, кызы менен, уулума тийишсе уулу менен сүйлөшөм. Мен эч нерседен коркпойм.
«Эгерде Аскар Акаев бийликте турса, чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болом» деген Жеңишбек Назаралиевдин пикирине Кыргыз Улуттук илимдер Академиясынын корреспондент- мүчөсү, профессор Кулубек Бөкөмбаев каршы болуп, мындай деди:
- Жеңишбек чет өлкөгө кетип калса, бийликтин чырагына май тамат. Ошондуктан кетпей, акырына чейин күрөшүүсү керек. Аны аңдып, үйбүлөөсүн куугунтукка алган бийликтин алсыздыгы жана коркоктугу.
Жеңишбек Назаралиевге куугунтук башталганын угуп, бир катар чет өлкөлөр аны иштөөгө чакырып жатканын, бирок туулган жерин таштап, чет мамлекетке кетпей турганын расмий билдирди.