БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Ысыккөл облусунан шайланган мурдагы үч депутат жана азыркы эки талапкер 4-мартта президентке, БШКга, ЕККУнун байкоочуларына билдирүү жолдошту. Анда шайлоо бийликтин одоно кийлигишүүсү менен мыйзамсыз өттү деп билдиришип, губернатор Токон Шайлиеванын кызматтан кетүүсүн, Аксуу, Жетиөгүз, Каракол жана Түп шайлоо округдарындагы шайлоону болгон жок катары таанууну талап кылышты. Эгер үч күндүн ичинде бул талаптары аткарылбаса, облустун бүткүл аймагы боюнча нааразылык пикет, митингдерди уюштурушаарын жарыя кылышты. Ал эми парламенттик шайлоону өткөрүү 13-мартка белгиленген №75 Тоң шайлоо округунда «Таза шайлоо үчүн» аттуу демилгелүү топ түзүлдү. Мындай маалымат 4-мартта топтун мүчөсү Жума Мамбетовдон алынды. Анын билдирүүсү боюнча, топ шайлоочулардын өз каалоо ниети менен добуш бериши үчүн аракет көрөт. Жума Мамбетовдун айтымында, эгер тизмедеги эки талапкердин бири жеңишке жетишсе, анда шайлоочулар нааразылык акцияларын кайра улантышы мүмкүн. 21-февралда Тоң райондук соту Арслан Малиевди талапкерликтен четтеткенден кийин анын жактоочулары Каракол-Бишкек жолун 5 күн бою тосуп, Малиевди талапкерлердин тизмесине кайра кошууну талап кылышып, болбосо бардык талапкерлерге каршы добуш беришээрин эскертишкен. Ушундан улам Борбордук Шайлоо комиссиясы шайлоону 13-мартка белгилеген.