Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

АКШ элчилиги кыргыз бийлигине кабатыр


БИШКЕК. Акыркы эки күндө Кыргызстандагы көз карандысыз басма үйүнүн электр кубатысыз калышына жана аны өкмөт калыбына дароо келтире албагандыгына АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабатырлануусун билдирди. Шайлоо алдындагы мындай жагдай басма сөз эркиндигине басым жасоонун бир көрүнүшү болушу ыктымал деп айтылат билдирүүдө. Анда белгиленгенге караганда, басмакана учурда АКШ элчилигинин көмөгү астында генератордун жардамы менен иштеп жатат. Ошондуктан, АКШ элчилиги кыргыз өкмөтүн басмакананы электр кубаты менен жабдып, ал аркылуу өзүнүн басма сөз эркиндигинин жактоочусу экенин далилдерине ишенимин билдирген. Бул басмакана 60 чамалаш оппозициялык, бийликчил, жергиликтүү жана регионалдык маалымат каражаттарын басат. Байкоочу кеңештин курамында президенттик администрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков, Тышкы иштер министри Аскар Айтматов, АКШ сенатору Жон МайкКейн баштаган өкүлдөр бар.

XS
SM
MD
LG