Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

ПРЕЗИДЕНТ А.АКАЕВ ЭМИ «МСН» ГЕЗИТИ МЕНЕН СОТТОШОТ


Президент Аскар Акаев Кыргызстандын катардагы жараны катары «МСН» гезитин сотко бере тургандыгын жарыя кылды. Бул жагдай Кыргызстандагы сөз эркиндигинин сакталышы тууралуу кабатыр ойлорду жаратты.

Мындан он бир жыл илгери президент А.Акаевдин соттордун курултайында айткан катуу сынына кабылган «Свободные горы» гезити аз өтпөй мыйзам негизинде жабылган болчу. Дегинкиси катардагы кыргыз атуулу катары сотко кайрылган мамлекет башчынын адамдык абийир, арнамыс, ишкердик бедели мыйзам тарабынан бекем корголуп келатат.

Президенттин чет жердеги үйү тууралуу чындыкка коошпогон маалымат тараткандыгы үчүн учурунда «Республика» гезити да айыптуу деп табылган. Андай тагдырга эми «МСН» гезити туш келет окшоп калды.

- Кыргызстандын жараны катары мен белгилеген мыйзам тартибинде өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн арнамысы менен абийрин коргоо максатында сотко кайрылууну чечтим. Сот мыйзамга ылайык кырдаалды териштирсин жана ошого жараша чечим чыгарсын,- деп айтты президент А.Акаев.

«МСН» гезити анчалык кадалып президент А.Акаевдин үй-бүлөсүнүн дүйнө-мүлкүнө кызыгып калышынын жөнүн мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов жекече пенделик жагдайга байланыштуу түшүндүрөт:

- Бу гезиттердин ээсинин, анда иштеп аткандардын оппозицияга өтүп кетишинин себеп-жөнү, мен силерге ачык эле айтып берейин, жекече пенделик таарынычка, жек көрүүгө байланыштуу. Достор, муну билбесеңер, силер бул турмуштан дегеле кабарыңар жок. Мен дагы кайталап айтайын, Рина Приживойт, Александр Ким. «Вечерний Бишкек» гезитин алдыртып ийгенден кийин А.Ким аягына чейин бу бийликтин башына жугунду куям деп чечкен киши.

Жөнжай пенде катары президент А.Акаев адамдык ариет-намысын коргоп сотко кайрылууга акылуу, дейт белгилүү юрист Шамарал Майчиев:

- Президенттин антип сотко кайрылууга акысы бар. Кечээ биз билдирүү тараттык. Президент ошол укугун ишке ашырбай, башка көз карандысыз институттарга кайрылып, «мындай суроо болуп атат, сиз буга кандай карайсыз» деп суроо койсо деген сунушту айттык. Мына, бизде Медиакеңеш бар, Медиа өкүлчүлүгү иштеп атат.

«Ачык позиция» фондунун жетекчиси Дмитрий Кабак демократиялык каада-салты бекем тамыр жайган Батыш өлкөлөрүндө жогорку кызмат адамдарынын жеке турмушу маалымдоо каражаттарында такай чагылдырылып турат. Коомчулук бийлик адамдарынын кандай, кантип жашап атканынан кабардар болуп турушу зарыл.

- Бизде бийликте отургандар биринчи иретте мамлекеттик кызматкер экенин эсепке алышпай эле катардагы жаран катары сотко кайрылууну өнөр көрүшөт. Менимче, мындай мамилени жоюу керек,- дейт Д.Кабак.

«МСН» гезитинин саясат бөлүмүнүн шеф-редактору Рина Приживойттун ырасташынча, бийлик эркин маалымдоо каражаттарын болгон чындыкты жарыя айткандыгы үчүн жаман көрөт:

- Ушу тапта болгон чындыкты Кыргызстан эли көз карандысыз гезиттерден гана билип атышат. Бийликтин корккону ушул. Себеп дегенде, бизди коркутуп же сатып ала алышпайт. Биз мурда кандай иштесек, мындан ары деле ошондой эле иштей беребиз.

Жакында «МСН» гезити президент А.Акаев Бишкектеги «Ататүрк» багынын түштүк-батыш тарабынан 6 гектир жерди тосуп, ортосуна көз жоосун алган кансарай, биринчи президенттин китепканасы деп шаардын борборунда келишкен үй салдырганын, анын үй-бүлөсү Кыргызстандагы кирешелүү ишканаларды ээлеп алышкан, деп жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG