Вашингтон Ливанда мурдагы өкмөт башчысы Рафик Харири өлтүрүлүп кеткенден кийин ушул кадамга барды. Ливандын оппозициясы Харири бараткан машинаны жардыруунун артында Сирия турат деп айыптап, Ливандагы 14 миң сириялык аскерди чыгарып кетүүнү талап кылууда.
АКШнын Мамкатчысынын өкүлү Ричард Баучер Сирияга түздөн-түз кине койгон жок:
- Соңку айларда биз Сирия өкмөтүнүн мартабалуу өкүлдөрү менен бир катар маселелерди көтөрдүк. Анын ичинде эл аралык жана Ирандын режимине караган террордук уюмдардын Сириядан иш алып барышы, бул өлкөнүн аймагы аркылуу өтүп жатышы жана Сириянын аймагын ирактык козголоңчулардын пайдаланышы тууралуу маселелер болду. Бүгүнгө чейин бул тынчсыздануулар боюнча тийиштүү чара көрүлгөн жок.
Бүгүн Ливанда Сириянын Ливандагы таасиринин күчөшүнө байланыштуу өткөн октябрда кызматынан кеткен Харририни жерге беришет. Ага кол салууда 15 киши ажал тапты.