КАБУЛ. Ооганстандын саламаттык сактоо министри Мухаммед Амин Фатеминин Франс-пресске берген маалыматына караганда акыркы күндөрдө чыкыроон сууктан 67 адам тоңуп өлдү. Алардын көпчүлүгү айыл жерлериндеги чырактай балдар. Качкындардын Кабулда жайгашкан лагеринде да суук алып, үшүп өлгөндөр болду. Министрдин кошумчалаганына караганда жергиликтүү бийликтердин айткан, бирок азыр такталып жаткан маалыматтарына караганда сууктан каза тапкандардын саны жүздөп саналат. Ушул тапта өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги ак кар, көк муздуу алыскы аймактарга жардам көрсөтүүнүн аракетин жасап жатат.