Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Иракта добуштарды саноо күтүлүгөндөн тез жүрүүдө


Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, санак күткөндөгүндөн тез жүрүп жаткандыктан бул иш бир аз күндүн ичинде аяктамакчы.

Улуттук ассамблеядагы орундардын көпчүлүгүн шийиттердин "Бириккен Ирак альянсы" деген коалициясы алары күтүлүүдө. Аталган коалицияга кирген Ирак Ислам революциясынын Жогору кеңеши деген уюмдун лидери Абдул Азиз ал-Хакимдин билдиргенине караганда, алар өлкөдөгү бардык тайпалардын өкүлдөрүн камтыган өкмөт курулгудай негиз даярдоодо:

-Биз баары күрддөр, суннилер, башка күчтөр менен да сүйлөшөбүз. Биз бардык күчтөрдү урматтайбыз жана алар менен иштешүүбүз керек. Биз алар менен атүгүл шайлоо жараянына катышпагандар менен да үзгүлтүксүз кызматташууну каалайбыз. Биз аларды бул жараянга жана конституцияны жазууга аралаштыруу багытында иштейбиз.

Ал эми Ирактын утурумдук президенти Гази ал –Явер көпчүлүгү жекшембидеги добуш берүүнү бойкоттогон сунни мусулмандарын саясий жараянга кайтууга чакырды.

XS
SM
MD
LG