Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Ысыккөл облусунда жер алдынан чыккан суунун кесепетинен 220 үй жараксыз деп табылды


КАРАКОЛ. Бул тууралуу маалымат облустук граждандык коргонуу башкармалыгы тарабынан тастыкталды. Маселен, Түп районундагы төрт айылдан 47, Жетиөгүз районунан 54, Тоң районундагы беш айылдан 45, Аксуу районунан 30, ал эми Балыкчы шаарынан 44 турак үйдү жер алдынан чыккан суу каптап, айыл тургундарын тынчсыздандырууда. Бирок, өзгөчө коркунучту деп эсептелген бул аймактарда жашаган тургундарды башка жакка көчүрүү маселеси ар кандай себептерден улам толук чечиле элек. Ысыккөл районундагы Ананьево айылынан 10 үй-бүлөө гана башка жакка көчүрүлгөн.

Алынган маалыматтарга караганда, жер алдынан чыккан суунун, же башка табигый кырсыктардын кесепетинен жабыр тарткандар үчүн Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы турак жай курулушу боюнча мамлекеттик турак жай департаменти тарабынан узак мөөнөткө эсептелген, жеңилдетилген ссудаларды берүү жагы толук колго алына элек.

XS
SM
MD
LG