Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

ЭЛЧИЛЕРДИ ШАЙЛООГО КАТЫШТЫРУУ МАМЛЕКЕТ БАШЧЫНЫН КОЛУНДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек. Мыйзам чыгаруу жыйыны 20-январдагы отурумунда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мурдагы элчилерин парламенттик шайлоого катыштырууга негиз берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Баш мыйзамга ылайык аталган мыйзам долбооруна мамлекет башчы кол койсо, элчилердин шайлоого катышуусуна жол ачылат. Буга байланыштуу аткаруу бийлик өкүлдөрү мамлекет башчы бул мыйзмга колун койбойт дешсе, парламенттик шайлоого катышууга катталбай калган элчилердин жактоочулары, айрым бейөкмөт уюм өкүлдөрү өлкө жетекчисинен мыйзамга кол коюну талап кылыштууда.

Округдук шайлоо комиссиялары Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мурдагы элчилеринин парламенттик шайлоого катышууга уруксат берилбегенден улам, Бишкекте 7-январдан бери нааразылык акциясы уланууда. Ошондой эле соңку он беш күндөн бери аткаруу бийлик өкүлдөрү Шайлоо кодесинин 69-беренесинде “соңку беш жылда Кыргызстандын аймагында жашабаган атуулдар парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берилбейт” деген эрежени эске албай нааразылык акциясына чыгышууда деп оппозиция өкүлдөрүн мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу байма-бай жарыяланган сындарга коомчулук күбө. Ошондой эле аткаруу бийлик өкүлдөрү “элчилерди шайлоого катыштырбоо тууралуу мыйзамды кабыл алган” деп Мыйзам чыгаруу жыйын депутаттарын да үстөккө-босток айыптап келет. Аткаруу бийлигинин мындай айыптоосуна Мыйзам чыгаруу жыйынын 20-январдагы отурумунда точка коюлду. Тагыраак айтканда, бул күнкү отурумда депутаттар көпчүлүк добуш менен элчилердин шайлоого катышуусуна уруксат берүү тууралуу Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алып, мамлекет башчысына жөнөттү. Баш мыйзамга ылайык эми мамлекет башчы Аскар Акаев бул мыйзамга жакынкы күндөрү кол койо турган болсо, элчилердин шайлоого катышуусуна жол ачылат. Буга байланыштуу айрым бейөкмөт уюмдары, оппозициялык кыймылдар жана элчилердин жактоочулары Аскар Акаевден бул мыйзамга кол коюну талап кылышууда. Ал эми буга чейин депутаттарды айыптап келген аткаруу бийлик өкүлдөрү болсо тескерисинче “мамлекет башчы бул мыйзамга кол койбошу ыктымал” деген пикирин айта башташты:

-Президент коомдук пикирге же көчөдөн болгон басымга моюн сунуп эле бул мыйзамга кол коюп койбосо, Абдыганы Эркебаев айткандай, мамлекет башчы бул мыйзамга кол койбой коюга укугу бар. -дейт БШК төрагасы Сулайман Иманбаев. Эске сала кетүүчү нерсе, аталган мыйзам долбоору Мыйзам чыгаруу жыйынынын 18-январдагы отурумунда каралып колдоо таппай калган. Буга байланыштуу Мыйзам чыгаруу жыйын төрагасы Абдыганы Эркебаев «Жогорку Кеңештин иштөө тартиби тууралуу жаңыдан күчүнө кирген регламентке ылайык палатада бир жолу кабыл алынбай калган мыйзам экинчи жолу палатада алты айдан кийин гана каралышы керек» деп «мындай мыйзамга мамлекет башчысы кол койбойт» деген пикирин билдирди:

-Бул күнкү добуш берүүнүн юридикалык жактан күчү жок. Анткени бул Баш мыйзамга жана регламент тууралуу мыйзамга каршы келет. Ошондуктан мамлекет башчы бул мыйзамга кол койбой коюга толук укугу бар.
Абыдыганы Эркебаевдин мындай пикирине мыйзам долбоорун колдоп добуш берген депутаттар макул эмес:

-Эгерде Эркебаев мыйзамга каршы келет дей турган болсо, бул мыйзам долбоорун добушка койбош керек болчу. Демек, ал өзү бул регламентке туура келгендиги үчүн добушка койду. Натыйжада, аны 31 депутат колдоп добуш берди. Ошондуктан төрага өзүнүн мурдагы аракетин кийин башкача комментарий кылбаш керек. Бул калыстыкка жатпайт.
Ушундай пикирин билдирди Мыйзам чыгаруу жыйын депутаты Ишенбай Кадырбеков.
Айта кетүүчү нерсе, Кыргызстандын Шайлоо кодексинин 73-беренесине ылайык парламенттик шайлоого талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 25 күн калганда, тагыраак айтканда, 2-февралда соңуна чыгат. Ошондуктан эгерде, мамлекет башчы Аскар Акаев Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган мыйзам долбооруна 2-февралга чейин кол койо турган болсо, шайлоого катышуу үчүн 18-январга чейин документ тапшырган мурдагы элчилер Роза Отунбаева, Мамбетжунус Абылов, Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков парламенттик шайлоого катышып калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG