Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:01

Ысыккөлдөгү партиялар нааразылык акцияларына чек коюлушуна нааразы


КАРАКОЛ. Ысыккөл облустук кеңеши облустун аймагында мыйзамсыз жөө жүрүштөрдү, пикеттерди, митингдерди өткөрбөө жана тиешелүү органдардын уруксатсыз чатырларды тигүүгө катуу тыюу салуу, көзөмөлдү күчөтүү тууралуу токтомду 12-январдагы 24-сессиясында кабыл алган. Буга нааразы болгон облустук саясий партиялар билдирүү жасашты. Билдирүү «Каракол жарандык бирлик коомдук» бирикмесинин координациялык кеңешинин чечими менен кабыл алынды. «Асаба» улуттук кайра жаралуу, «КДК», Социал-демократиялык, «Жаңы Кыргызстан» саясий партияларынын лидерлеринин пикирлерине караганда, токтом Кыргызстандын баш мыйзамына каршы кирет. Парламенттик шайлоонун алдында бийлик тарабынан мындай кысым көрсөтүүлөргө эң ириде бийликке каршы пикир айткан оппозициячыл саясатчылар кабылышат. Түрдүү шылтоолор менен аларга карата каралоо иштери жүрөт.

XS
SM
MD
LG