Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Эл аралык коомчулук Палестинадагы шайлоонун жыйынтыгын кубаттады


Палестинанын Боштондук уюмунун төрагасы, мурдагы премьер- министр Махмуд Аббас бул жерде кечээ өткөн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп расмий жарыяланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматтарына караганда, Аббасты добуш бергендердин 62,3%ы колдогон. Анын негизги атаандашы Мустафа Баргути 20%дай добуш алды. Евробиримдиктин лидерлери шайлоонун жыйынтыгын кубатташты. Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Барросо мындай дейт:

-Бул - ийкемдүү жана демократиялык палестин мамлекетин курууну карай өтө маанилүү баскыч. Регионго кызыкдар тараптардын баары туруктуу тынчтык орнотуу үчүн чогуу иштеши керек. Аббас мырза жана анын израилдик өнөктөшү Ариэль Шарон жакынкы келечекте жолугууга дилгир экенин билдиргени - көптү убада кылган белги.

Франциянын, Британиянын, Испаниянын, Италиянын бийликтери да Палестинанын жаңы лидерин куттуктаган билдирүүлөр менен чыгышты. Орус президенти Владимир Путин аны Москвага келүүгө чакырды. Израилдин оппозициядагы Эмгек партиясынын лидери, өкмөттүн вице- премьери кызматына келүүчү Шимон Перес Аббастын жеңишин "жаңы жараяндын башталыш" деп атады. Шайлоо тынч өткөнүн Араб лигасынын башкатчысы Амр Муса да кубаттады. Иран өкмөтүнүн өкүлүнүн айтымында, Тегеран шайлоонун жыйынтыгын урматтайт. Палестиндердин согушчан "Хамас" уюмунун өкүлүнүн билдиргенине караганда, алар шайлоону бойкоттогонуна карабай Махмуд Аббас менен иштешет.

XS
SM
MD
LG