Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:09

29-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 29-декабрда Кыргызстанда ала булут каптап турат, Ош, Жалалабад, Баткен, Нарын облустарында кар жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн ЧҮЙдө түнкүсүн –8...-13, күндүз –1...-6 градус суук.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн –10...-15, күндүз –2...-7 градуска суук болот.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн –1...-6 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –6...-11, күндүз –4 градус сууктан +1 градуска жылуу болушу күтүлөт.
Тоолуу НАРЫН өрөөнүндө түнкүсүн –19...-24, күндүз –13...-18 градус суук.
БИШКЕК шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн –10...-12, күндүз –3...-5 градус суук.


Кабарларды Бурулкан Сарыгулова, айданбек Акматов жана областтык кабарчылар даярдады

Редактору Султан РАЕВ.

XS
SM
MD
LG