Ирактын тышкы иштер министри учурда Кытайда расмий сапар менен жүрөт. Бээжинде сүйлөгөн сөзүндө Хошияр Зебари Бириккен Улуттар Уюмунан Иракка көп сандагы байкоочуларды жана эксперттерди жиберүүнү өтүндү. 30-январда Иракта алдыда өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жана өлкөнүн жаңы конституциясын даярдоо милдети турган улуттук жыйынды шайлоо өтөт.
Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари Бириккен Улуттар Уюмун 30-январда өтүүчү шайлоого көбүрөөк көңүл бурууга чакырды