Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

2005-ЖЫЛ: БЮДЖЕТ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


Эмдиги жылдын республикалык бюджети киреше чыгашасы менен 16 жана 17 миллиард сомдун тегерегиндеги контролдук сандарга байланууда. Эл өкүлдөр жыйынын депутаттары бюджеттин биринчи окулушунда кыйла эле пикир-сунуштарды айтышып, анын киреше бөлүгүн көбөйтүүнүн биртоп жолдорун белгилешкен.

Талкуунун натыйжасында экинчи окулушта республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө 417 миллион сомго жакын акча кошулуп, ага жараша киреше жагы да көбөйтүлдү. Өкмөттүн болжолунда эмдиги жылдын экономикалык өнүгүшү 5% чыгып, инфляция деңгээли 4% өйдө көтөрүлбөйт. Бюджет параметринин мындай негизи анча талаш туудурбаса да, сомдун долларга карата катышы 1 доллар 44 сомдун тегерегинде болору түкшүмөл суроолорду туудурбай койбойт. Каржы министри Болот Абилдаев доллардын куну качышынан Кыргызстан зыян тартпайт деген пикирде. Себеп дегенде, Кыргызстан сыртка товар чыгарганга караганда тыштан ташып келчү буюмга көбүрөөк таңсык өлкө.
- Биз талдап көрдүк, рыноктон орун таап, сыртка товар ташып чыгаргандар үчүн доллардын курсунун төмөн түшүп кетиши кыйла эле зыян алып келет. Ал эми импорт менен жашагандар үчүн доллардын курсунун төмөн түшүшү пайдалуу,- деп айтты Болот Абилдаев.

Келерки жылдагы шайлоого ынтызар депутаттар бул ирет жергиликтүү көйгөйлөрдү көбүрөөк айтышты. Чет эл инвестициясы өлкөнүн түштүк облустарына сейрек келеринe токтолгон депутат Бектемир Мурзуибраимов Кытайдан ташылып келген товарлардын көбү салыктан кыйгап өтүп кеткенин айтты:

- Кытайдан чыкканда 290 миллион доллар болсо а бизге өткөн ошол товарлардын жалпы суммасы 85 миллион доллар. Ортосундагы айырманы эсептеп көрүңүздөр. 60 миллион доллар өлчөмүндө- киреше катары түшө турган акча жок да. Бажы аркылуу өткөн товарлар белгилүү адамдардын түздөн-түз кийлигишүүсү аркылуу эсепке алынбайт.

Өкмөт социалдык багыттагы бюджет деп мактоого алган келерки жыл бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн кыйласы тышкы жана ички карыздарды жоюуга жумшалат. Ага кошулуп 2005-жылы удаама-удаа шайлоо өткөнү туру. Өкмөт башчы Николай Танаев азырынча карыздар тууралуу ойлонуу эрте экенин, Париж клубуна бара көрөбүз, деген жообун узатты.

- Оболу Париж клубуна чейин жетеличи,- дейт Николай Танаев.

XS
SM
MD
LG