Сот аны мафия менен байланышы бар деп тапты. Соттун чечимине ылайык, Утриге мамлекеттик кызматка турганга жана саясий иш жүргүзгөнгө тыюу салынат. Утри - азыркы премьер-министр Сильвио Берлусконинин эң жакын саясий иркектеши. “Форца Италия” партиясын 90-жылдары Утри негиздеген, Берлускони азыр ушу партиянын лидери. Сот кечээ коррупциялык иштерди жасаган жана судьяларды сатып алганга аракет кылган деп Берлускониге тагылган айыптарды алып салды.