Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:56

Эл аралык валюта корунун миссиясы Кыргызстанда


БИШКЕК. Кыргызстанга Эл аралык валюта корунун миссиясы келди. Миссиянын башчысы Таапио Саавалайнен менен бүгүн вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев жолугушту. Анда валюта корунун 2001-жылы кабылданган үч жылдык программасынын жыйынтыгын чыгаруу жана жаңы программаны кабыл алуу маселеси талкууланды. Кордун Кыргызстандагы жакырчылыкты жоюу жана экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүүгө багытталган үч жылдык программасынын алкагында 95 миллион доллар берген. Миссия буга чейинки аткарылган иштердин жыйынтыгына карата акыркы 14 миллион доллар өлчөмүндөгү траншты берүү маселесин карайт. Ал эми 2005-2007-жылдарга эсептелген үч жылдык жаңы программанын башкы багыты, анда кандай милдеттер камтылаары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG