Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

ТИМ Украинадагы кырдаалга билдирүү таратты


БИШКЕК. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кырдаалга байланыштуу кечээ билдирүү таратты. Анда Украинадагы президенттик шайлоонун 21-ноябрда өткөн экинчи турунан кийин өлкөдө түзүлгөн кырдаалга карта Кыргызстандын тынчсыздангандыгын билдирди. Кыргызстан эки атаандаштын жактоочуларынын тирешүүсүн Украинанын аймактык бүтүндүгү менен улуттук биримдигине шек келтирбегендей, ынтымакта, укуктук негизде чечүүгө бардык аракеттерди көрүүгө чакырды. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кыргыз жана украин элдеринин тарыхый достук мамилесин урматтай тургандыгын белгилөө менен бирге Украина жетекчилиги абалды жөнгө салаарына ишенгендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG