Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

13-ноябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча 13-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын кээ бир жерлерине туман түшөт.
Абанын температурасы:
ЫСЫККӨЛ, ЧҮЙ аймактарында түнкүсүн –2 градус сууктан +3 градуска жылуу, күндүз +8…+13 градус.
Республиканын БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД, ОШ дубандарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16 градус жылуу болот.
ТАЛАСТА түнкүсүн 0…-2 градус суук, күндүз +7…+12 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫН өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5 градус суук болсо, күндүз +3…+8 градустун айланасында жылуу болушу күтүлөт.
Борборубуз БИШКЕКТЕ сейрек булут каптап, таңга маал жана түнкүсүн туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +9…+11 градус жылуу болот.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Турдубек кызы, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG