ТЕГЕРАН. Нобель сыйлыгынын ээси Ширин Эбади Ирандын бийликтери 18 жашка чейинки адамдарды өлүм жазасына тартууга каршылык көрсөткөн митингди өткөргөнгө уруксат бербей койушканын билдирди. Ассошейтед-пресс агенттигине Эбади берген маалыматка караганда ал жаштардын жазалануусуна каршы кечээ Тегерандын паркында тынч митинг өткөрүү үчүн уруксат сураган.