Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:37

Президент Орусияга барат


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин 60 жылдык юбилейи менен куттуктоо үчүн бүгүн Кыргызстанга Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов келишти. Алар президенттин юбилейи белгиленген "Аларча" мамлекеттик резиденциясында болушуп, каалоо-тилектерин айтышты. Мындай маалымат президенттин басма сөз кызматынын башчысы Досалы Эсеналиевден алынды.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин билдирүүсү боюнча, президент Акаев эртең үч күндүк иш сапар менен Москвага барат. Президент Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, эки мамлекеттин ортосундагы алакалар тууралуу пикир алышат. Андан кийин Санкт-Петербург шаарына барып, губернатор Валентина Матвиенко менен жолугушат. Анда Санкт-Петербург менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык-социалдык кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшөт.

Президент өзүнүн студенттик жана аспиранттык күндөрү өткөн шаардын окумуштуулары жана белгилүү адамдары менен жолугушуп, алар менен 60 жылдык юбилейин белгилейт.

Ал эми Орусиянын РИА-Новости агенттиги Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Яковенко акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү эки эсеге жогорулап, быйылкы сегиз айдын ичинде 230 миллион доллар болду деп билдиргендигин кабарлады.

XS
SM
MD
LG