ЖАЛАЛАБАД. Партиянын төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаев катышкан жыйында өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык жана «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук биримдигинин жергиликтүү уюмдарын түзүү маселеси талкууланды. Биринчи маселе боюнча өкмөттүн саясаты начар баа алып, энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршылык билдирилди.
Алдыдагы шайлоолорду калыс өткөрүү үчүн «Арнамыс», «Эл» партиялары менен бирге семинарларды өткөрүп, шайлоочулардын мыйзамдык сабатын тереңдетүү, байкоочуларды даярдоо жана талапкерлерди көрсөтүү ойлору козголду. «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук биримдигинин Алабука, Чаткал, Базаркоргон, Ноокен, Майлуусуу, Сузак, Жалалабад аймактык уюмдары түзүлдү.