Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

КУБАНЫЧБЕК АПАС: «АКАЕВДИН АБРОЮ БАТЫШТА ДА ТӨМӨНДӨП КЕТТИ»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Москвада жашаган саясатчы жана дарыгер Кубанычбек Апастын пикири боюнча кыргыз бийлигинин, опозициясынын учурдагы абалы өтө кубанаарлык эмес. "Мамлекет башчысы Аскар Акаевдин кадыр-баркы эл арасында гана эмес, Батышта да төмөндөп кетти", - дейт Кубанычбек Апас. Ошол эле учурда оппозиция арасында да ынтымак жок. Андыктан элге Кыргызстандын кызыкчылыгын жогору койгон жаңы жетекчи керек.

- Кубанычбек мырза, жаңы эле Кыргызстанга келипсиз. Бул жолу Москвадан кандай жаңылыктар менен кайттыңыз?

- Москвадан көп жаңылыктар менен келдим. Саясый маселелер талкууланган чоң-чоң эл аралык конференцияларга, симпозиумдарга Орто Азия, Кыргызстандан өкүл катары катышып жатабыз. Ошол чоң эл аралык трибунада мен кыргыз элинин, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп атам.

- Кечиресиз, Кыргызстандын кызыкчылыгын кандай багытта коргоп атасыз?

- Саясий багытта. Мен "Кыргызстанда демократия жок" деп айтып атам. Азыр Акаевдин диктартурасы болуп атат. Көп кыргыз гезити жабылды. Баары коркуу абалында болуп, чындыкты айта албай, абдан начар кырдаалга туш болуп, сөз эркиндиги жок деп айтып атам.

- Сиз анткениңиз менен Москвада Аскар Акаевичтин аброю өтө жогору деп айтып атышат?

- Акаев кошоматчылык сыяктуу саясат жүргүзүп атат. Ельцинди бул жакка чакырат экен, анан тоону Ельцин атында, же университетке Ельциндин атын коюп коёт экен. Ушундай мамиледен көбүнчө Европада репутациясы абдан түштү. Баары айтып атат, бул жалган саясатты кылып атат деп. Мына, Германиянын Фонд Штуднис деген элчиси мага ачык эле бетке айтты, Акаевдин репутациясы Батышта абдан төмөн, анткени коррупцияга өлкөнү баш-оту менен батырды деп. Акаев ким? Азыр бүт эл аралык уюмдар билип калды. Ал азыр асманда жүрөт, элден ажырап калды, балдарын дагы бузду, кыргыз элин да буза баштады. Ошондуктан мен ойлойм азыр Кыргызстанга жаңы татыктуу президент керек деп.

- Кубанычбек мырза, сиз бул жерде негизинен эл менен, оппозиция менен сүйлөшкөнү келиптирсиз. Кыргызстандагы оппозициянын бүгүнкү күндөгү абалы кандай?

- Эң начар, ынтымагы жок, лидерлери өзүнчө майда-майда топторду, партияларды түзүп, алардын атынан, кыргыз элинин атынан капкаяктагы өзү билбеген саясатты жүргүзүп атат. Бул эң начар. Бул жерде олуттуу саясат жок.

- Кыргызстандагы оппозициянын абалы өтө начар, биримдик жок деп айтып атасыз. Мына ушундай оппозициялык күчтөрдүн аракети менен бүгүнкү күндө Кыргызстанда коомдук система, ошондой эле бүгүнкү күндөгү бийлик өзгөрүлөбү, жаңы президент келишине ушул оппозициянын күч-кубаты, кудурети жетеби?

- Азыркы оппозициянын күчү жетпейт. Бул оппозиция Акаев эмнени айтат, ошого оюн куруп берген оппозиция, оюнду өткөрөт. Ушул оюнду он беш жылга чоюп көнүп калды. Азыр оппозиция Кыргызстандын казанына кайнап, бир-бирин сынга алып, абдан төмөн деңгээлдеги саясатты жүргүзүп атат.

- Кечиресиз, сиз азыркы бийликти да, азыркы оппозицияны да сынга алып атасыз. Өзүңүз алыста жүрөсүз, элден бир топ алыстап кеттиңиз?

- Оппозиция баары эле жаман эмес. Оппозициянын арасында көп патриоттор бар. Мына, Грузиядагы революция бүт мен айткан сөзүмдү чындыкка чыгарды. Жакында, Михаил Саакашвили менен көрүштүм, мени абдан жылуу, жакшы тосту. Мен ойлойм, азыр Кыргызстанга Грузиядагыдай жаңы лидер керек. Кыргыз элинин, Кыргызстандын кызыкчылыгын көтөргөн жаңы президент керек.

XS
SM
MD
LG