Бул ирет АКШнын өкүлдөрү Тегеран МАГАТЭ менен толук кызматташуудан баш тартса, эл аралык кысымга кабылат деп билдиришти. Дүйшөмбүдө АКШнын президенти Жорж Буш Тегеранды өзөктүк программасын ачык-айкын жүргүзүүгө мажбурлоо маселесин Вашингтон азыр Франция, Британия, Германия менен талкуулап жатканын билдирди. "Биз Иранга дыкат көңүл бурмакчыбыз. Азыр бул маселени өнөктөш өлкөлөр менен кеңешип, Тегерандагы бийликти эл аралык коомчулуктун талаптарына баш ийдирүү жолдорун талкуулап жатабыз", - деди Буш.
Бул билдирүүдөн эки күн мурдараак Иран атомдук центрифугаларды курууну улантаарын маалымдаган. Вашингтон андай жабдууну Тегеран опуртал куралды жасоого керектелчү байытылган уранды алууга пайдаланат деп эсептейт. Иран өкмөтү бул жабдуу электрэнергия өндүрүү максатын гана көздөйт деп кайталоодо.