Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

ИРАК: АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРДИН ЖАҢЫ ЖОРУКТАРЫНЫН БЕТИ АЧЫЛУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары АКШы сенатынын куралдуу күчтөр боюнча комитетинин төрагасы Виржиния штатынан шайланган республикалык сенатор Жон Уорнер өлкөнүн Конгресси Ирак түрмөлөрүндө орун алган жаңы укук бузууларды иликтеп жатканын билдирди. Уорнердин айтымында, атайын түзүлгөн комиссия келерки жумада бул маселе боюнча угууларын баштайт.

Бейшембиде АКШ Сенатынын коргонуу маселелери боюнча комитетинин жабык эшик артында өткөрүлгөн жыйынынан кийин журналисттерге берген маалыматында сенатор Уорнер Конгресс америкалык аскерлердин Ирактагы, анын ичинде Ирак түрмөлөрүндөгү жосунсуз жоруктарын ашкерелеген жаңы маалыматтарга туш болуп жатканын билдирди. Бирок сенатор сөз болуп жаткан укук бузуулардын майда-чүйдөсүнө токтолбогонстон, тек гана Конгресс азырынча ал укук бузууларга көз караандысыз иликтөө жүргүзө алгыдай абалда эмес экенин айтты.

Май айынан бери Сенаттын комиссиясы Ирактын түрмөлөрүндөгү укук бузуулар жөнүндө үч жолу ачык угуу өткөрдү. Аларга АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд баш болгон жогорку даражалуу расмий адамдар күбө катары тартылды.

Америкалык аскерлердин Ирактын түрмөлөрүндөгү жосунсуз жоруктарына байланышкан чуу мындан үч ай мурда гезиттер менен телеканалдар энеден туума жылаңачталган туткундарды мазактап турган америкалык солдаттардын сүрөттөрүн жарыялап жибергенден тутанган. Абу-Граиб түрмөсүндө орун алган бул укук бузуулар анда бүткүл дүйнө коомчулугун дал кылып, кыжырын кайнаткан эле. Анда президент Жорж Буш жана Доналд Расмфелд жалпыны бир ууч кишинин терс жүрүм- турумун бүткүл америкалык аскерлерге мүнөздүү нерсе катары кабыл алууга болбой турганына ишендирип,укук бузууларды ийне-жибине чейин териштирип, күнөөлүүлөрдү сөзсүз жазалаганга убада беришкен. Берилген убаданын айныксыз аткарылаарын дагы бир жолу ырастаган сенатор Жон Уорнер айыпкерлеродин баары өз жазасын ала турганын кайталады:

- Окуяны күбөлөндүргөн баардык матреиалдар бири калбай ийне-жибине чейин териштирилет. Укук бузуулар кантип, качан жана кандайча болгонун, алардын жоопкерчилиги кимде экенин коргоо департаменти жана, кайсы бир дэңгээлде, Юстиция министрлиги иликтеп чыгат, мындайды кантип болтурбоонун жолун ойлонуштурат, - деп айтты Уорнер бейшембиде журналисттерге.

Уорнер алдыда пландаштырылып жаткан угууларга АКШнын Ирактагы мурдагы администрациясынын башчысы Пол Бремерди чакырууга ниеттенип жатканын кошумчалады.

- Келерки жумадагы угууларды, эгер аны угууга күбө жүргүзө алсак, элчи Бремер менен баштоого үмүттөнүп жатабыз. Бремер бул маселе боюнча бир канча нерселерден кабардар, - дейт Уорнер.

Ошондой эле бейшембиде Сенаттын комиссиясы Кызыл чырымдын кызматкерлерине түрмөдөгү ахвал менен таанышып чыгуусуна мүмкүндүк берүү жаатында келип түшкөн арыздар менен таанышып чыкты. Кызыл Чырым уюму аны көптөгөн түрмө туткундары менен жолуктурбай жатышканын шектенет. Эл аралык мыйзамдарга ылайык, түрмө күзөтчүлөрү менен расмий адамдардын согуш туткундарына терс мамиле кылууга укугу жок. Кызыл чырым уюмуна туткундардын ахвалы менен таанышууга эч кандай бөгөт болбошу керек.

XS
SM
MD
LG