БИШКЕК. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинде “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык протоколу” аттуу китептин бет ачары болуп өттү. Аталган китепте кыргыз дипломатиясы, ата мекендик протоколдун тарыхы жана тажрыйбасы тууралуу кенен жазылган. Анда мамлекеттик деңгээлдеги жолугушуулар, визиттер, мамлекет башчыларын тосуунун эрежеси, көпчүлүк жерде өзүн-өзү алып жүрүүнүн, бирөөгө мамиле кылуунун тартиби камтылган. Эмгектин автору - тышкы иштер минситрлигинин мамлекеттик протоколдор кызматынын жетекчиси Мирбек Эшалиев.