Бүгүн Тбилиси шаарында орусиялык жана грузиялык ишкерлердин конференциясы башталды. Жүзгө жакын ишкер кирген орус өкүлчүлүгүн Грузияга экономикалык өнүгүү министри Герман Греф баштап келди. Жыйынга президент Михаил Саакашвили дагы катышууда, аны премьер-министр Зураб Жвания ачты.